Чүйдө мас абалында аялына бөтөлкө менен жыныстык зомбулук көрсөтүп, кийин денесин кескилеп салган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй облусундагы Винсовхоз айылынын Ю. аттуу тургуну мас абалында үйүнө келип, аялына бөтөлкө менен жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөн. Кийин бөтөлкөнү сындырып аялынын денесин кескилеп таштаган. Бул тууралуу милицияга кабарланып, кылмышка шектүү болгон Ю. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.