Өткөн аптанын соңунда Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайтына хакерлер "кол салышты". Өкмөттүк сайт 15 сааттай иштебей, ордуна чет элдик валюталар курсун анализдеген FOREX`тин сайты ачылып турду. Өкмөттүк аппараттан "азырынча так маалымат жок" деген жооп айтылды. Кыргызстанда жогорку мамлекеттик органдардын расмий сайттарына хакерлердин "чабуул коюшу" биринчи жолу болуп жаткан жок.
Мисалы, 2013-жылдын февраль айында Ички иштер министрлигинин сайтына, май айында Акыйкатчы институтунун сайтына, ушул эле жылдын октябрь айында Бишкек мэриясынын сайтына "кол салуу" болгон. Хакерлерге каршы иштей турган КРнын Президентинин аппаратында атайын бөлүм, ИИМдин алдында кибер кылмыштуулукка каршы 10-башкы башкармалык бар экенине карабай фактылар боюнча эмне жыйынтык чыкканы, тартип бузуучулар эмне жаза алып жатканы ачык айтылбай келет. ИИМдин сайтына "кол салуу" маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар муну какшык аралаш сындашкан. Депутат Бөдөш Мамырова жыйында башка бир тема каралып жатканда "Кайрылуу боюнча мен "ооба" деп добуш бергем. Бирок "добуш берүүгө катышкан жок" деген маалымат келди. Эмнеге мындай? Же эмне, Жогорку Кеңешке да хакерлер кирдиби?" деген жайы бар.
Маалымат технологиясы өнүккөн азыркы заманда хакерлерден коргонуу укук коргоо органдары колго ала турган маанилүү иш. Өлкөнүн жүзү болгон өкмөттүн сайтына "кол салуу" болуп жатса, жөнөкөй маалымат сайттарын коргоо тууралуу эмне айтуу мүмкүн? Укук коргоо органдарынын хакерлерден коргонуу даремети канчалык экени чоң суроо. Интернетсиз жашоо мүмкүн болбой калган бүгүнкү күндө мындай коркунуч күн санап өсөрү турган иш. Мындан кийин Жогорку Кеңештин же президенттин сайтына "кол салуу" болбойт деген кепилдик жок. Кибер чабуулдардан коргонууда мамлекет алсыздык кылып жатабы? Тийиштүү органдардан маалымат алууга аракет кылдык.
Ички иштер министрлиги: "Өкмөттүн сайтынын иштебей жатышы боюнча учурда техникалык кызматкерлер иштешүүдө. Бир чети "хакерлер кирип, өкмөттүн сайтын бузду" дейин десең, ал жерде эч кандай деле жашыруун нерсе жок. Өкмөттүн, президенттин жана Жогорку Кеңештин расмий сайттарын хакерлер бузган учурда президенттин аппаратындагы атайын техникалык топ, УКМК жана ИИМ бирге иш алып барат. Бирок хакерлер жашыруун кирет, табылса ачыкталат, табылбай калса, жок. Алар жашыруун киргендиктен, көпчүлүк учурда табылбай калат”.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети: “Өкмөттүн сайты эмне себептен бузулганы боюнча маалымат жок. Учурда УКМК, ИИМ жана президенттик аппараттын ортосунда түзүлгөн атайын жумушчу топ иш алып барып жатат. Кимдер күнөөлүү экендиги табылса, алар сөзсүз жазага тартылышат. Мурунку фактылар боюнча күнөөлүүлөр табылбай калган".