Бишкекте эки адам "досун өлтүрүп, сүйлөшкөн кызын бычактаган" деп шектелип кармалышты

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына маалымат келип түшкөн. Анда Алыкул көчөсүндөгү “АКБ Пласт” ишканасында эки адамдын жансыз денеси табылганы айтылган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда, аталган ишкананын 2-кабатында бычактан жараат алып өлгөн кыздын жана эркек адамдын жансыз денесине күбө болушкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуянын чоо-жайы белгилүү болгон. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 30-августтан 31-августка караган түнү болгон. Ошол күнү Александр аттуу жаран сүйлөшкөн кызы экөө (аты-жөнү такталууда) “АКБ Пласт” ишканасында иштеген достору Евгений жана Уланга келишип, бирге арак ичишкен. Андан соң ортодо уруш чыгып, Евгений жана Улан Александрды сабап салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза болгон. Кийин "сүйлөшкөн кызы милицияга айтып салат” деп анын да көзүн тазалашкан.  

Учурда “АКБ Пласт” ишканасынын кызматкерлери 31 жаштагы Орусиянын жараны К.Евгений жана 36 жаштагы Сокулук районунун Ш.Улан аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
narzulla
2014-09-01 12:37:06
Баардык оор кылмыштар арактын айынан болуп жатат.Өлтүргөнү, зордуктаганы, авария, каракчылык ж.б.у.с.
+1
nuru95kg
2014-09-01 13:29:17
арак саткандардын башына ушундай окуялар тушсун, анан сатпай калышат!
0
Kymyzkyz
2014-09-01 14:12:12
Эмнеге мамлекет аракты сатууга чектоо киргизбейт?
0
Lenin
2014-09-01 19:32:53
Мамлекет рекламага тыйуу салса деле кээбир гезиттер бакыйтып реклама кылып жатпайбы. Акча акча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан