Индияда ээсине туура жол көрсөтө турган бут кийимдер чыгарылды. 2011-жылы эле ойлоп табылган бут кийимди учурда 50дөй адам кийип жүргөнүн чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Кызыл түстөгү мындай бут кийимдер GPS аркылуу ээси (бут кийимдин ээси) турган жерди жана маршрутту аныктайт. Тийиштүү багытты көрсөтүү үчүн бут кийимдеги атайын жабдуудан вибратор иштеп, ээсине багытты өзгөртүү боюнча белги берет (оң жана сол бут боюнча). Бут кийим Bluetooth сигналы аркылуу башкарылып, кадимки батарейкалар менен кубаттанат. Орточо баасы 100-150 доллар болгон мындай кийимдин негизги кардарлары туристтер экени айтылууда. Жаратуучулар мындай бут кийим көзү начар көргөндөр жана жаш балдар үчүн да пайдалуу экенин айтышууда.