Бишкекте 12 жаштагы Адэля Алымбаева изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда кыздын атасы Азат Алымбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Адэля 10-сентябрь күнү эртең менен окууга (М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык мектеп) кеткен.
“Биз милицияга арыз тапшырганбыз. Учурда бардык туугандар жана укук коргоо кызматкерлери менен Адэляны шаар боюнча издеп жатабыз”,- деди ал.
Андан соң кыздын өзгөчө белгилери тууралуу төмөнкүнү айтып берди. "Адэлянын бою болжол менен 145 сантиметр, арык чырай, чачтары узун жана кара, көздөрү да кара. Аделя ак жакасы бар көк көйнөкчөн, ак колготка жана лакталган көк бут кийимчен болгон. Ал эми мектеп баштыгы кара түстүү".
Эгер Адэля тууралуу маалыматка ээ болсоңор 0(543) 25-00-52 (Айнура), 0(550) 14-67-07 (Азат) же 102 номур аркылуу кайрылсаңыздар болот.