Кыргызстандагы Улуттук оппозициялык кыймыл коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчыларына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда кыймылдын катчылыгы билдирди.
Кыймыл президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөп жатып, коңшу мамлекеттердин дарегине карата айткан сынын кескин түрдө айыптайт. Кайрылууда оппозициянын сырттан эч кандай жардам албай турганы айтылат.
"Улуттук оппозициялык кыймыл Атамбаевдин далилсиз айыптоосун кескин түрдө четке кагат жана сырттан эч качан каржылык жардам албаганын баса белгилейт. А.Атамбаевдин коңшу мамлекеттердин лидерлерине "Кыргызстандын ички ишине кийлигишип, саясий стабилдүүлүккө доо кетирүүдө" деген шек саноосу стратегиялык өнөктөштөр ортосундагы кызматташууга терс таасирин тийгизери анык. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” дегендей, УОК коңшу өлкөлөр менен болгон экономикалык жана саясий кызматташууну Кыргызстандын тышкы саясатындагы эң башкы приоритеттүү багыты деп эсептейт" деп айтылат.
Айта кетсек, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаев түштүктөгү газдын өчүрүлүшүн "өлкөнү туруксуздаштыруу аракети" деп атап, буга айрым саясатчылар кызыкдар экенин айткан эле.