Жылнаама, 18-сентябрь: Мындан 5 жыл мурун СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон

* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда жүргүнчүлөрдү ташуучу КАвЗ автобусу кырсыкка учурап, автобуста болгон 26 жүргүнчүнүн 19у каза болгон (айдоочу жана анын жардамчысы да бар). Каза болгондордун төртөө жаш балдар. Автобус 25-30 метр бийиктиктеги жолдон сайга кулап түшкөн. 
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда туулган. 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганда Кыргызстандан чакырылган 363 миң жарандын ичинде 19 жаштагы Дайыр Асанов да кандуу согушка аттанган. 1943-жылдын мартында Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллериялык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгылашкан. Дайыр Асанов 8 танкты, 6 бронемашинаны жана 40тан ашуун автоматчыны жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, 1943-жылдын 26-октябрында ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Ал тарыхый Сталинград салгылашуусуна да катышкан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Орусия эстрадасынын жылдызы Алла Пугачёва менен белгилүү телеалпаруучу Максим Галкин эгиз балалуу болушкан. Эгиз ымыркайга Британия падышачылыгынын урматына Гарри жана Лиза деген ысым ыйгарылган.  
18-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан