Бишкек шаарынын 3 аймагында айыл чарба жарманкелери өткөрүлө баштады (фоторепортаж)

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын 3 аймагында айыл чарба жарманкелери өткөрүлүп баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарын арзан баада айыл чарба продукциясы менен камсыз кылууга багытталган жарманкелер Бишкек шаарында үч даректе: Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде, Нуркамал көчөсүндө (12-кичи район), Тыналиев көчөсүндө (Жал кичи району) өтүүдө. Айыл чарба жарманкелери саат 08:00дө башталып, жуманын ар ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан