Жалал-Абадда эрежесиз эр уруш боюнча Евразия чемпиондугун уюштуруп жаткандар федерациядан лицензия алышкан эмес

Жалал-Абадда “Пантера” спорттук клубу федерация менен кеңешпей туруп мелдеш уюштуруп, мелдешти “Евразия биринчилиги” деп атап алышкан. Мелдеш 25-26-сентябрь күндөрү өткөнү турат. Бирок чет өлкөдөн келген спортчулар ал мелдешке катышпайт. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына КРнын Эрежесиз эр уруш боюнча федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди.

“Мелдеш мындай аталышты алып жүргөн соң, чет жактан да спортчулар чакырылышы керек. Бирок бул мелдешке чет жактан эмес, Кыргызстандын ичинен белгилүү спортчулар катышпайт. Негизи, мелдештин Азиянын деңгээлинде же Евразиянын деңгээлинде өтүп жатканын Эрежесиз эр уруш боюнча федерация чечет. Бул мелдештин уюштуруучулары “Евразиянын биринчилиги” деп атап алышканы менен, эл аралык федерациядан лицензия алышкан эмес. Биз токтоткула деп айтып былтыр да жаман көрүнгөнбүз. Кандайдыр бир чара көрүү үчүн прокуратурага кат жөнөтүш керек экен”,- деп кошумчалады ал.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан