Бишкекте Соттук реформа боюнча жумушчу топтун экинчи отуруму өтүп жатат

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча жумушчу топтун экинчи отуруму өтүп жатат. Иш-чара президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин алдында өтүп, жыйынга Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Башкы прокуратуранын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, адистер жана укук коргоочулар катышууда.

Бүгүнкү отурумда Жарандык-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясынын долбоору, “Аткаруучу иш жүргүзүү жана соттук аткаруучулар жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоору жана “Кепилдик берүүчү мамлекеттик юридикалык жардам берүү жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорлору сунушталат.

Айта кетсек, ушул жылдын 30-сентябрында Соттук реформа боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өткөн. Кийинки иш-чара 10-октябрда өтмөкчү. Ал эми 14-октябрда аталган топтун отуруму президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан