Сиам эгиздери Резаханова Зита менен Гитага президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 200 000 сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-октябрда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди. Эгиз кыздардын бири Зита бир жарым жылдан бери Улуттук госпиталдын ириң-хирургия бөлүмүндө дарыланууда.
Эске салсак, Зита менен Гита дүйнөдөгү ийгиликтүү ажыратылган биринчи сиам эгиздери. Аларга оор операция 2006-жылы Орусиядагы мыкты адистер тарабынан жасалган.