КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары
Эркинбек
Чодуев орусиялык "Алеон" компаниясынын директору
Илья Бакаренов менен жолугушту. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Санкцияларга байланыштуу Грециядан алынып келинүүчү белгилүү товарларды алууда КМШ өлкөлөрү менен кызматташууну чечтик. Өндүрүш товарларын алып келүү үчүн КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлги менен байланышып жатабыз. Кургатылган жемиштер, жаңгак жана башка өндүрүлгөн азыктарды Орусияга тартуу - менин иш сапарымдын негизги максаты",- деди Илья Бакаренов. Жолугушууда өлкөгө Кыргызстандагы мөмө-жемиштерди кайра иштете турган жабдууларды алып келүү талкууланды. Андан соң И.Бакаренов Сокулук, Жайыл, Аламүдүн жана Москва райондорунун дыйкандары менен жолугушту. Эртең ал өлкөнүн түштүгүндөгү дыйкандар менен жолугушат.