Ош шаарындагы кир жуугуч жана муздаткычтарды чыгаруучу кыргыз-кытай биргелешкен заводунан 1000ге жакын кир жууган машина даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров билдирди.
“Кыргыз-кытай биргелешкен “Жим-Мей” ишканасы расмий түрдө 30-ноябрь күнү ишке берилет. Учурда анда Ош шаарынын 45 тургуну атайы чакырылган кытай адистери тарабынан окутулуп, алардын колунан миңдей кир жуугуч машина чыгарылды. Алар “Авангард” деген аталышта чыгарылууда жана сапаты жагынан айрым үлгүлөргө караганда бир топ өйдө. Анын баасы 95 доллардын тегерегинде болот. Кыргызстанда чыгарылган турмуш-тиричилик техникасын алууда эми бир топ жеңилдиктер пайда болот. Азыркы тапта кир жууган машиналарды Тажикстан жана Өзбекстанга экспорттоо боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле биздин кир жуугуч машиналарга Казакстандан да суроо-талаптар болууда”,- дейт З.Аскаров.
Анын айтымында, заводдо эмгектенген адистер башында 50 жарым автомат машина чыгарчу, азыр анын саны 80ге, учурда 160 даанага жетип калды. Жакынкы убакыт аралыгында күнүгө 200гө жакын кир жуугуч машина чыгаруу пландалууда.
“Завод 2 этап менен ишке киргизилет, биринчи этапта жалаң кир жуугуч машиналар чыгарылат. Ал эми 1-2 жылдан кийин муздаткычтар чыгарыла баштайт”,- деп кошумчалайт вице-мэр.
Эске салсак, кыргыз-кытай биргелешкен “Жим-Мей” заводун ишке киргизүүгө 5 миллион доллар каражат сарпталган.