Жылнаама, 28-ноябрь: Мындан 3 жыл мурун Кыргызстанга радиоактивдүү көмүр ташып келүү боюнча кылмыш иши козголгон

* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Казакстандын күч органдары Алматынын базарында соода кылган кыргызстандыктарды себепсиз эле өлкөдөн чыгарышкан. Кыргыз-казак чек арасына алынып келген кыргызстандык атуулдар Өкмөт үйүнүн маңдайына топтолуп, митинг өткөрүшкөн. Ал учурдагы премьер-министр Феликс Кулов депортациялоонун себебин түшүндүрүүнү өтүнүп, Казакстан өкмөтүнө кайрылган.
* Мындан 194 жыл мурун, 1820-жылы ойчул, коммунисттик идеологиянын негиз салуучусу, немец революционери Фридрих Энгельс туулган. Ал өзүнүн белгилүү досу Карл Маркс менен биргеликте "Коммунисттик партиянын манифести" аттуу эмгекти жазган. Маркс каза болгондон кийин "Капиталдын" экинчи жана үчүнчү томдорун оңдоп, басып чыгарган.
* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы канада-америкалык окутуучу, машыктыруучу Жеймс Нейсмит каза болгон. Ал АКШдагы окуу жайлардын биринде дене тарбиядан сабак берчү. Кышында студенттерди сыртка чыгарбастан, спорттук залдын ичинде топтун жардамы менен ойнотуу үчүн баскетбол оюнун ойлоп тапкан.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Кыргызстанга радиоактивдүү көмүр ташып келүү боюнча кылмыш иши козголгон. 
28-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан