Ошто Июнь окуясында жабыркаган аскер кызматкерине Түштүк Кореядагы ооруканада 3 операция жасалып, Кыргызстанга кайтып келди

2010-жылдын Июнь окуясында куралданган адамдар тарабынан Нариман айылында жайгашкан ӨКМнын Тез арада ыкчам аракет көрүү борборуна кол салуу болгон. Анда 23 жаштагы Акбаралы уулу Жусупбектин өпкөсүнө жана арка омурткасына үч ок тийген. Түштүк Кореядагы На-Ын клиникасында ага 3 жолу операция жасалып, акысыз дарыланды. Кечээ, 9-декабрда ал Кыргызстанга кайтып келди. ӨКМнын басма сөз кызматынан бүгүн, 10-декабрда билдиришкендей, ӨКМнын кызматкери эми ден соолугун калыбына келтирүүнү өз мекенинде улантмакчы. Учурда Акбаралы уулу Жусупбек өз алдынча баса элек. 

Эске салсак, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып жаракат алган аскер кызматкери КРнын Кореядагы элчилигинин өтүнүчү боюнча кореялык На-Ын клиникасында октябрь айынан бери акысыз дарыланды. Маалыматка ылайык, Акбаралы уулу Жусупбекти Кыргызстанга чейин На-Ын ооруканасынын башкы дарыгери Пак Чин Вон жана КР элчиси Дүйшөнкул Чотонов коштоп келди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
_KipchaK_
2014-12-10 17:25:38
Бекем бол. Аллах ден-соолук берсин. Буйруса созсуз басып кетесин.
+4
bek_sarai
2014-12-10 22:24:33
ден соолугуну чындап алгын биринчи ХХХХ ХХХХ ХХХХ Аллах шыпаа берсин
+2
admin_superstan
2014-12-11 11:06:45
bek_sarai, башкалардын улутун кемсинтүүгө, провокацияга жол жок! 5 күн БАН!
0
GULZAT.83
2014-12-11 00:08:51
АЛЛАХ озу шыпаасын берсин буйруса басып кетесин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан