Билим берүү жана илим министри Канат Садыков кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда кол койгонун президенттик аппараттан билдирди.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 26-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевден Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу министр Канат Садыковдун кызматына туура келерин кароону өтүнгөн. Министр 1-декабрда эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен болчу.