Дүйнөдө мунай кескин арзандоодо, Кыргызстанда бензин эмне үчүн арзандабай жатат?

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы тездик менен төмөндөөдө. "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели бир айдын ичинде 20 долларга арзандап, 83 доллардан 63 долларга түштү. Мындай кырдаалда мунай продукциялары арзандашы керек эле. Бирок Кыргызстанда бензиндин баасы "жерге түшө элек". Алгач бензин баасынын кантип өскөнүн көрөлү.

 

2014-жылы АИ-92 бензини:

Январь - 37 сом 80 тыйын;

Апрель - 38 сом 80 тыйын;

Июль - 39 сом 50 тыйын;

Октябрь - 47 сом 80 тыйын;

Декабрь айынын башында - 49 сом 90 тыйын;

Декабрь айынын ортосунда - 47 сом 90 тыйын. 

Бензиндин саналуу сомго арзандашын кыргыз өкмөтү мунайдын арзандашы менен эмес, күйүүчү майга болгон суроо-талаптын сезондук кыскарышы жана Орусиядагы мунай өндүрүүчү айрым ишканаларда оңдоо иштери бүтүп, ишке берилгени менен байланыштырууда. Кыргызстанда бензиндин баасынын арзандашы же кымбатташы Орусия рыногунан түздөн-түз көз каранды. Анткени Кыргызстан күйүүчү майдын дээрлик 100 пайызын Орусиядан импорттойт. 

Орусияда кырдаал кандай? 

Жакында президент Владимир Путин мунайдын баасынын арзандашы менен тең жарыша Орусияда бензин кымбаттап жатканын нааразы түрдө билдирди. "Мына, 1-декабрга карата дүйнөлүк баа 35 пайызга төмөндөгөндө, бизде мунай продукциясы 10 пайызга өстү",- деди өлкө лидери. 

Орусиянын тийиштүү органдарынын маалыматына таянсак, Федералдык монополияга каршы кызмат бааларды базар шартына ылайык келтирүү тууралуу мунай компанияларына эскертүү берүүгө аргасыз болду. Кыскасы, дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын арзандашы Орусиядагы баа саясатына күчтүү таасир эте албай жатат. Эмне үчүн?

Кадыры түшкөн рубль: Дүйнөдө мунай арзандаса, Орусияда кымбаттоодо 

Орусия өзү өндүргөн бензинди рубль валютасы менен сатат. Мунайдын баасынын доллар менен арзандашы анын баасына таасирин тийгизе албай турганын айтышууда эксперттер. "RusEnergy" компаниясынын өкүлү Михаил Крутихин арифметикалык жөнөкөй эсеп менен абалды сүрөттөйт. "Мунайдын баасы 100 доллар болуп турганда рублдун курсу 32 доллар эле, ошондо мунайдын баррели 3200 рублга бааланчу (100х32=3200). Мунайдын баасы 65 долларга түшкөндө рублдун курсу 54 доллар болууда, мында мунайдын баррели 3510 рублдан айланууда (65х54=3510). Башкача айтканда, Орусия үчүн иш жүзүндө мунай арзандаган жок, тескерисинче, кымбаттап жатат",- дейт Крутихин орусиялык маалымат булактарынын бирине.  

Кошумчалай кетсек, рублдун курсу акыркы айларда тездик менен түшүүдө. Орусияда учурда 1 доллар 60 рублга бааланууда (15-декабрга карата).  

Атаандаштыктын жоктугу же олигополисттер 

Баалардын өсүшүнө орусиялык мунайзат рыногунун түзүмү да таасир этүүдө. Эксперттердин айтымында, кардарлардын кызыкчылыгы үчүн күрөшүү, күчтүү атаандаштык - Орусиянын күйүүчү май тармагына жат нерсе. Тагыраак айтканда, орусиялык рынокто бир нече ири оюнчулар бар, алар учурда атаандашып жаткандай түр көрсөтүшкөнү менен, иш жүзүндө андай эмес. Кыскасы, кырдаал аймактарга жараша айырмаланууда. Айрым аймактарда толук кандуу атаандаштык байкалса, башка жерлерде рынок монополиянын үстөмдүгүндө калды. 

Кыргызстандын нефтерейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов SUPER.KG порталына тастыктагандай, Кыргызстандын мунай рыногу Орусиядагы кырдаалга жараша каалагандай өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анын айтымында, Кыргызстандын мунай рыногунда 20дай компания иш жүргүзүүдө. Мунун ичинен Орусиянын “Газпром нефть Азия” компаниясы рыноктун 50 пайызын ээлеп турат. "Мунайдын арзандашы күйүүчү майлардын баасына олуттуу деле таасир тийгизбейт. Мунайдын өздүк наркы бензиндин баасынын 10 пайызын гана түзөт. Мында салык, акциз өңдүү башка факторлор таасирдүүрөөк",- деп билдирди Кулов.  

Маалыматтарга таянсак, бензиндин баасынын Орусияда, анын артында Кыргызстанда төмөндөбөй жатышында саналуу мунай компанияларынын жеке кызыкчылыгы турат. Башкача айтканда, алар кардардын эсебинен компанияларын жаңылоо аракетин көрүшүүдө. 

Белгилүү болгондой, Орусия өкмөтү 2015-жылдын 31-декабрына чейин толук Евро-5 стандартына өтүү чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу мунайды кайра иштетүүчү компаниялар модернизацияланышы керек. Бул ишти мунай компаниялары айдоочулардын капчыгы менен бүтүрүүгө ыкташууда. Адистердин айтымында, мунайды кайра иштетүүдө жана мунай продукцияларын дүңүнөн сатуу тармагында күчтүү атаандаштык түзүлмөйүнчө айдоочулардын капчыгына күч келгени келген. 

Бензиндин баасынын 60 пайызы - салыктар 

Орусиянын тийиштүү органдарынын маалыматына таянсак, өлкөдө мунайдын өздүк баасы бензиндин сатыктагы баасынын 5 гана пайызын түзөт. 10 пайызын мунайды кайра иштетүү жана транспортировка (жеткирүү), 15 пайызын унаага май куюучу жайды (АЗС) кармоо жана башка чыгымдар түзөт. Калганынын баары - салык. Пайдалуу кен байлыктарды иштетүү үчүн салык, акциз, товардын өздүк наркына кошулган баа жана киреше салыгы. 

"Бензиндин баасынын 60 пайызга жакыны - салыктар. Өкмөт эмне үчүн пайдалуу кен байлыктарды иштетүү өндүрүшүнө салыкты жана мотор майларына акцизди көтөрдү? Баалар кайда бара жатат? Аны өйдө көздөй кимдер түртүүдө? Так айта алам, булар мунайчылар эмес",- дейт Крутихин. 

Эксперт Орусиянын салык системин кайрадан карап чыгып, өзгөртмөйүнчө бензиндин баасы өсүүнү токтотпой турганын айтат. 

Жыйынтыктап айтканда, Орусияда, анын таасири менен Кыргызстанда бензиндин бааларынын түшпөй жатышына Орусиядагы рынок структурасы жана жогорку салыктардын кысымы күнөөлүү. 

Орусия өкмөтү бюджетти толтурууга кызыкдар, мунайчылар акча иштеп алгысы келишет, ал эми кардарлардын кызыкчылыктары экинчи планда калууда. 

Аталган өлкөнүн энергетика министри Александр Новактын маалыматына таянсак, Орусияда 2015-жылы күйүүчү май 10 пайызга өсөрү күтүлүүдө. Демек, азыркыдай шартта Кыргызстанда деле баалардын кескин арзандашынан үмүт кылуу кыйын. Кыргызстандын мунай ташуучулары бир айлык божомол берүүдөн башка эч нерсе айта алышпайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан