Футбол боюнча 2015-жылкы Шериктештик Кубогунда Кыргызстан курамасы тайпада Орусия, Латвия курамалары менен ойнойт

2015-жылы 16-25-январь аралыгында Орусияда 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курамдардын катышуусундагы “Шериктештик Кубогу-2015” өтөт. Кечээ, 18-декабрда мелдештин чүчү кулак таштоо аземи болду. Анда мелдешке катыша турган 12 команда төрт-төрттөн 3 тайпага бөлүштүрүлдү. Кыргызстандын жаштар курама командасы “В” тайпасында Молдавия, Орусия жана Латвия командалары менен ойномой болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Кошумчалай кетсек, мелдештин 2014-жылдагы чемпиону Украина курама командасы саясий кырдаалдан улам мелдешке катышкан жок. 

Тайпалар:

А” тайпасы: Беларусь, Түркмөнстан, Эстония, Финляндия

В” тайпасы: Молдавия, Кыргызстан, Орусия, Латвия

С” тайпасы: Түштүк Африка Республикасы, Литва, Тажикстан, Казакстан  

Кошумчалай кетсек, буга чейин мелдешти өткөрүп-өткөрбөө боюнча маселе каралган. Натыйжада мелдештин форматын кеңейтүү, катышуучу командалардын санын 16-18ге чейин жеткирүү чечими чыккан. Жыйынтыгында чакыруу жөнөтүлгөн 18ге чукул курамалардын айрымдары мелдештен баш тартышты. Мелдеш КМШга кирбеген Финляндия менен ТАР (ЮАР) сыяктуу мамлекеттердин катышуусунда биринчи жолу өтүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jigit.paren
2014-12-19 10:58:27
финляндия менен юар эмне кылып журот бул жерде кокуй!
0
Максат Кудайбердиев
2014-12-19 11:19:56
jigit.paren, буга чейин мелдешти өткөрүп-өткөрбөө боюнча маселе каралып келген. Жыйынтыгында ФИФАнын уруксаты менен мелдештин форматын кеңейтүү, катышуучу командалардын санын 16-18ге чейин жеткирүү чечими чыккан. Жыйынытыгында чакыруу жөнөтүлгөн бир катар курамалар мелдештен баш тартып, 12 курама команда болду. Мелдеш КМШга кирбеген мамлекеттердин катышуусунда биринчи жолу өтүүд}
0
ALIK-BRO
2014-12-19 13:27:33
Койгулаа ээ ошол акчага Бир оорулууга жардам берип койсонор ошол сооп да жакшы да болот. Барибир женилесинер и даяр эмессинер.
-3
zarbaliktik
2014-12-19 15:04:55
ALIK-BRO, футболу жок олко болгодон кудай сактасын. Андан коро демоорчулук кылып, жок дегенде куйормандык кылалы. Салымбековко окшогондор коркконунан финансироват этип жатат дейсинби? Намыс учун патриоттор кыргыз футболун кармап турат. Байкасанар курамада кыргыздар эми кобойо баштады. Мурда биро экоо элэ ойноп, калгандар орус озбек татар армян жб улуттагы жэрдэштерибиз ойночу. Балдарды алдыга суройлу!
+1
crishti_7
2014-12-19 17:00:42
Силер таджиктери ута албаган, Россияны утам деген оюнар барбы? Кой антпегиле кыргызды уят кылып
-3
kama_future_millioner
2014-12-19 21:06:03
Ийгилик жаштар командасына
+1
zulik_julik.kg
2014-12-21 02:04:59
ийгилик калайм колдон келишинче аракет кылып намысты коргоп келгиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан