Кечээ, 28-декабрда Бишкек шаарынын "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан сойкукананы өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, видеого тартып, коомчулукка жарыялаган "Кыргыз чоролору" коомдук уюмунун мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда
SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз текшерүүгө катыштыгы барларга чара көрүлөт. Ошондой эле кытайлыктардан түшкөн арыздардын негизинде 3 адамга тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Арызда активисттер кирип келген соң баалуу буюмдардын жоголгону айтылган. Негизи, мыйзамдуу түрдө жүргүзүлгөн текшерүүлөр милициянын катышуусунда болушу керек.
Ал эми "рейд" жүргүзгөн уюмдун жетекчилеринин бири Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, алар улутчулдук максатты көздөбөйт. "Биз кытай улутундагы жарандарды карактоого ниеттенген жокпуз. Бизге аталган соода борборунун айланасында жайгашкан үйлөрдүн тургундары тарабынан арыз түшкөн. 1 ай бою аңдып жүрүп, кечээ, 28-декабрда рейд жүргүзгөнбүз. Жалпысынан 20дан ашуун кыз жана ушунча кытай улутундагы эркек кармалган. Эркектердин көбү 60 курактан жогору экен. Ал эми жыныстык кызмат көрсөткөн кыздардын бири 16 жашка чыга элек экен",- деди активист.
Айта кетсек, буга чейин 15-сентябрда "Кыргыз чоролору" уюму Токмок шаарындагы кытайлык мунайды кайра иштетүүчү ишкананын алдында
митинг өткөрүшкөн. Андан тышкары 30-октябрда Талас облусундагы "Шыраалжын" тоо кенин чалгындоого
каршы акция да уюштурушкан.