Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгону маалымдалды. Өлкө башчынын башка жарлыгы менен Муктар Жумалиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду. Кадыр Токтогулов:
1980-жылдын 28-апрелинде Ош облусунун Ош шаарында туулган.
1998-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк “Сема” лицейин бүтүргөн.
2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1998-1999-жылдары Анкара университетинин коммуникациялар факультетинде окуган (Анкара шаары, Түркия).
2001-2002-жылдары "Open Society Institute" программасы боюнча Итака колледжинде билим алган (Итака шаары, Нью-Йорк штаты, АКШ).
Эмгек жолу:
2003-2006-жылдары – маалымат агенттиктеринин биринде кабарчы (Кыргызстанда).
2006-2011-жылдары – маалымат агенттиктеринин биринде кабарчы (Казакстанда).
02.2011-12.2011 – Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы.
12.2011-03.2012 – Кыргызстандын президентинин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси – Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы.
03.2012 – азыркы учурда - КРнын Президентинин басма сөз катчысы. Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдерин билет.