Парижде террорчулар журналдын редакциясына кирип, журналисттерин аткылап салышты

Кечээ, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга таянсак, үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. "Теракттын жүрүшүндө 30дан ашуун ок атуу болгон. Айрым журналисттер имараттын чатырына чыгып, окуяны видеого тартышкан",- деп жазышты басылмалар.
Мындан тышкары айрым басылмалар террорчулардын кармалганын жазышса, башкалар учурда аларды кармоо боюнча операция жүрүп жатканын билдиришүүдө. Террорчулар "Аль-Каида" уюмунун мүчөлөрү, алардын аттары Саид Куаши, Шериф Куаши жана 18 жаштагы Хамид Мурад экени айтылууда.
Франциянын президенти Франсуа Олланд бул окуяны сөз эркиндигине каршы акт деп эсептейт. Башка мамлекеттердин башчылары ага көңүл айтышты.
Айта кетсек, "Шарли-Эбдо" сатиралык журналы саясатчыларды мазактап келгени белгилүү. Буга чейин ал ислам дини жана Мухаммед пайгамбарга карата карикатураларды өз барактарында чыгарган.
Париждеги терракт 07.01.2015
Париждеги террактты кимдер кылышты?
07.01.2015: "Шарли эбдо" сатирикалык журналынан өч алыштыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dominic_toretto
2015-01-08 12:26:48
Сөз эркиндиги деп эле оозуна келгенин оттой бербесин да.Дин деген ыйык нерсе.Динди бийликтегилердей көрүп сатирага алганы туура эмес.Чала болот ошол журналистерге.
+7
Kanat8427
2015-01-08 12:50:51
Туура эле кылыптыр
+2
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-08 13:35:27
Башкаларга да сабак болсун ошону коромок эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан