Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олландга Париждеги теракт боюнча көңүл айтты

Бүгүн, 8-январда президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга “Шарли Эбдо” журналынын редакциясындагы террордук актка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.  

“Адам өмүрлөрүн алып кеткен “Шарли Эбдо” журналынын редакциясындагы теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалагандыгын билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан