Диаспора өкүлү 2015-жыл Орусиядагы мекендештер үчүн татаал башталгандыгын айтып берди

Бүгүн, 13-январда Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов SUPER.KG порталына кайрылып, 2015-жыл Орусиядагы мекендештер үчүн татаал башталгандыгын айтып берди.

"Жакында Бурятия республикалык миграция башкармалыгы 2014-жылга алынган патенттер 2015-жылдын акырына чейин жарактуу экенин билдирген. Бирок бүгүн барсак башканы айтышты. "Москвадан жаңы кагаз келди. 2015-жылдын 1-январынан баштап өткөн жылы патент алгандар дагы, акча төлөп койгондор дагы сөзсүз чыгып кетсин" деген жаңы түшүндүрмө келиптир",- деди мекендеш.

Ал өзү бул маселе боюнча тышкы иштер министринин вице-консулуна кайрылганда, чиновник кабарсыз экенин билдирген. "Мен ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин айттым. Башка шаарлардагы кыргызстандыктар да муну (патент маселеси - ред.) билбеши мүмкүн",- деп толуктады Абжамилов.

"Айрым мекендештерибиз 12-январга чейин патент алгандар 3 ай үчүн төлөп алышкан. Ал деген 3648 рублду түзөт. Бирок анысы жарабайт экен. Эми биздикилер эмне кылууну билбей, сыртка да чыга албай калышты. Бизге жакынкы чек ара Монголия эле, Монголияга чыкканга паспорт керек. Анткени кыргызстандыктардын көбү ID-card менен жүрүшөт. Ал эми жалпы жарандык паспортторун (загранпаспорт - ред.) "апасынын сандыгына" салып коюшкан. Ошон үчүн эми чет өлкөгө жалпы жарандык паспорт менен гана чыгыш керек. КМШ өлкөлөрүнө ID-card менен кирип чыкканга болот дешти. Бул боюнча вице-консул менен сүйлөштүм. Бирок эң негизги нерсеси, Сахалин, Владивосток, Улан-Удэ, Чита шаарлары жана ошол жактагыларга өтө кыйын болот. Анткени Казакстандын чек арасынан өтүп келиш татаал маселе болуп калды",- деп түшүндүрдү мекендеш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
vassabi
2015-01-13 10:21:27
таможенный союз. Пайдасы тийип атат.
+5
gulmi
2015-01-13 11:21:15
vassabi, бул убактылуубу?тс кирбесек мигранттарыбыз кыйналат деп,чурулдап тс кирдик эле,а дегенде эле мигранттарга "жакшы" таасирин тийгизди.Эми кымбатчылык Кыргызстандын озуно таасир тийгизбесе болду.
+1
solnyshko.97
2015-01-13 10:32:28
Оа москвадагы жашоо ушундай болтат да пайда алып келди отоооо ашыгы менен
+1
myrza80
2015-01-13 10:53:37
Красноярский шаарында патент менен жургон бир кошуна эже фмске барса бизге ар кандай приказдар келип жатат ошон учун чечилелек границага чыгып кел деп кайтарып ийиптир.
0
erikkarakulja
2015-01-13 12:18:32
Пайдасы Кана наоборот болуп жататго, мигранттар Кыргызстана кайтып бара турган болсо бекерчиликтен даны революция болотго.
+1
Samina007
2015-01-13 12:26:27
Май айына чейин чыдайлычы коробузго.женилдик май айынан башталат дегенго
0
Begimkyz
2015-01-13 12:58:00
Москвадагы патенттер да жарабайт бекен?
0
orhidea83
2015-01-13 14:13:22
Орустар не успели жыны жылга чейин ушулзаконду бышыктап аягына чыканга, ар куну ар нерсени айтып башты оорутушуп, бул кетиште майга чейин дагы бир закон ойлоп табышат го булар.......
0
Bodibilding
2015-01-13 14:37:36
разришение на работасы барлар не болот екен
+1
Begimkyz
2015-01-13 17:00:29
ТСга киргизип алып "иттей" кылды. АША отура бер, ХХХ ХХХ. Мигранттарга жеңилдетүү ушулбу?
+2
admin_superstan
2015-01-13 17:08:17
Begimkyz, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
Aseltay
2015-01-13 18:47:35
тилекке каршы биздин чондордун ото кобу элге эмес оздорунун курсагына иштейтда ошолордун кесепети
0
bolot00
2015-01-13 21:54:31
кыйын еле болуп баратат тура айтат
0
ario
2015-01-13 22:41:34
Буга 100процент ишенсек болобу?
0
bolot00
2015-01-14 01:11:51
айтып жатпайбы
0
gul-bibi9109
2015-01-17 11:45:10
Бул чындык десе бироосу айтат жок бул болгону эле слух деп,бирок базадан текшерсек 2014жылы алынган мунотту буто элек патенттер чыкпай калды. Бул деген чындык,бул мигранттарды азайтуу Крымды оздоруно откоруп алып кайсыл жерге оронттушту билбей жатышкандыр.90 кун без регстрация журсон 3жылга черный список экен,бир жыл журсон он жылга экен,ушундай закондор кучтту Кыргыз эли,эми каякка барып иштесек экен,рубльда,тушуп кетти(((((
0
Manasemetei
2015-01-22 03:29:41
yilaba kyrgyzym,kemibeit yrysyn,azap kundon alyp 4ygat buiursa senin uul kyzyn.e kyrgyzym biz emne orustun o4u alynbagan bir elden bizbi.maida jakwy bolup kalat
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан