Бүгүн, 14-январда депутат Дастан Бекешев кыргызча аттарды ID-карталарда жана жалпы жарандык паспорттордо латын тамгалары менен жазганда татаалдыктар жаралгандыгын интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
Ал бул маселе боюнча өзүнө кайрылып жаткан жарандар көбөйүп жатканын кошумчалап: "Мисалы, "Жумагулов" латын тамгалары менен жазганда "Dzhumagulov", ал эми "Хамид" түшүнүктүү "Hamid" эмес, "Khamid" болуш керек экен. Ушул маселени чечүү суранычым менен КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаиковага кайрылдым",- деди эл өкүлү.