Борбордо 3 жылда бир берилчү Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыкка 4 адам татыктуу болду (фото)

Бүгүн, 22-январда Бишкекте Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагында үзүрлүү эмгектенгендерге Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өткөрүлдү. 3 жылда бир берилчү сыйлыкты КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева тапшырды.  

Дамира Ниязалиева куттуктоо сөзүндө: “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык көп улуттуу Кыргызстандын маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон эстетикалык жана тарбиялык мааниси күчтүү жана коомго кеңири таанылган чыгармалар үчүн ыйгарылып келет. Сиздерди кыргыз өкмөтүнүн атынан бийик наамга татыктуу болушуңуздар менен куттуктайм. Мындан ары чыгармачылыгыңыздар өнүгүп-өсөрүнө ишенем. Биздин өлкөдө ийгилик жарата бериңиздер”.

Белгилей кетсек, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын поэзия, музыка, көркөм публицистика, проза, музыка, кино, скульптура, архитектура, көркөм сүрөт өнөрү, театр чеберлерине тапшырылат. 

Бул жылы Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов "Жалгыздык ыры" аттуу ырлар, поэмалар жыйнагы, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Акбар Рыскулов "Атакенин Акболот" тарыхый үчилтиги, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев менен Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Гүлмира Эсенгулова "Алтын уя" опереттасы үчүн татыктуу болушту. Сыйлык ээлерине төш белги, лауреаттын күбөлүгү, диплом жана 100 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан