“Курманжан датка” тасмасынын тарап кетиши чет элдик сынактарга, фестивалдарга катышууга кедергисин тийгизет. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда фильмдин продюсери Фархад Бекмамбетов билдирди.
Учурда тасманы каракчылык жолу менен таркаткан шектүүлөр Каржы полициясына көрсөтмө берип жатышканын айткан Ф.Бекмамбетов: “Өзүбүздө иштегендер тасманы таратып жибериши мүмкүн эмес, анткени жараткан эмгегибизди татыктуу көрсөтүү үчүн кызыкдар тарап бизбиз да”,- деди.