Ош облусунун Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрир" уюмунун катарына үгүттөп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-январь күнү саат 13:30 чамасында Кара-Суу шаарындагы интернет-клубдардын биринен 39 жаштагы Алимжан М. аттуу жаран кармалган. Ал интернет аркылуу анын ичинде түштүк аймактын жашоочуларына радикалдык-экстремисттик "Хизбут-Тахрир" уюмунун идеологияларын жайылтып жүргөнү аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын социалдык тармактардагы баракчаларынан аталган экстремисттик уюмдун идеологиялары жөнүндө материалдар табылган. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, топтолгон материалдар аймактык Тергөө башкармалыгына жана Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына өткөрүлүп, иликтөө жүрүүдө.