Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Саламатсыздарбы! Менин жашаган үйүмдөн жарака кетип жатат. Жарака чоңоюп баратат.
Бул боюнча кимге кайрылсам жардам бере алат? Адистерин жиберишеби? Кандай кылыш керек экенин көрсөтүп жардам беришсе, акысын деле төлөп берет элем. Суроо калтырган realliver.
Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы №57-мыйзамынын 23-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин жобосунун 4-пунктунун 64-абзацына ылайык, Мамлекеттик курулуштун алдындагы Жер титирөө, туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлор боюнча кыргыз илимий изилдөө институтуна арыз түрүндө кайрылсаңыз болот (дареги: Чыгыш өндүрүштүк аймагы, Чолпон-Ата көчөсү-2, тел.: 44-96-58, 63-13-12). Жер титирөө, туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлор боюнча кыргыз илимий изилдөө институту өздүк уставына ылайык изилдөөсүн “Чарба эсеп түрүндө” жүргүзүп, андан ары кандай иш-аракеттерди көрүү керектиги боюнча корутундусун чыгарат. Же болбосо шаардагы менчик Долбоор ишканаларына кайрылсаңыз болот.
Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.