Бүгүн, 30-январда КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев жана орусиялык
“Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Кыргызстандын ар бир облусуна газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.
Жоомарт Оторбаев өлкө аймагын газ менен камсыз кылуу маселесине токтолуп: "Бул багытта кыргыз өкмөтү колдоо көрсөтүүдө бардык күчүн жумшайт",- деди.
Алексей Миллер өз сөзүндө ишкана Кыргызстандын облустарына газ жеткирүү алкагында 2015-2017-жылдар аралыгында 34 миллиард рубль инвестиция бөлүп берерин айтты. "Бул каражат биринчи кезектеги жумуштар жана керектүү объектилерди курууга жумшалат",- деди ал.