Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Курманжан датка ордени жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Курманжан датка орденинин статусу, сүрөтү жана сыпатталышы бекитилип, өкмөткө ушул жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-каржы маселелерди чечүү милдети жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Курманжан датка орденинин статусу
Курманжан датка ордени жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот.