Бүгүн, 23-январда Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын четке какты. Судья Жаныбек кызы Венера материалдар менен таанышкан соң, БШКнын чечимин кайтаруу же жокко чыгарууга негиз жок экенин айтты.
Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген. 14-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин шайлоонун протоколдорун жараксыз деп табуу боюнча арызын карап, четке каккан. Буга байланыштуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.