Жылнаама, 20-декабрь: Мындан 315 жыл мурун Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган

* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огомбаев 49 жаш курагында катуу оорудан Таласта каза болгон. Ал 1900-жылы Талас районундагы Көк-Кашат айылында туулган. 7 жашында комуз черте баштап, 13-14 жашында элдик ырлар менен күүлөрдү аткаруучу катары эл оозуна алынган. 1920-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн чыгарып, атагы чыккан өнөрпоз катары Талас өрөөнүнө таанылган. 1926-жылы улуу ырчы Токтогул менен жолугушуп, ырчылык жана комузчулук таалимин алган. 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына кирип, кийин филармония уюшулуп, ага солист болуп которулган. Комузчулар ансамблин уюштурган. Артисттер болуп эл кыдырып концерт-оюн көрсөтүшкөн. Анын "Күйдүм чок", "Эсимде", "Гүл", "Ой, булбул", "Жаштар" жана башка ырлары азыр да ырдалып келет. Атай Огомбаевге "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген наам берилип, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы көзү ачык, куучу Кубаныч Мурзаевди Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар уурдап кетип, анын жаны чыкканча сабап өлтүрүшкөн. Анын жансыз денеси "Манас" аэпортунан алыс эмес жерден табылган. Кубаныч Мурзаевдин сөөгү 22-декабрда кичи мекени - Ош облусундагы Отуз-Адыр айылында жерге берилген.
 
* Мындан 315 жыл мурун, 1699-жылы Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган. Жаңы жыл майрамы эң эски майрамдардан. Байыркы египеттиктердин пирамидаларын изилдеп жатышып археологдор "Жаңы жылдын башталышы" деген жазууларды табышкан. Натыйжада байыркы египеттиктер Жаңы жылды сентябрь айынын аяктарында, Нил суусунун кирип баштаган убагында белгилешкен. Ал эми байыркы римдиктер биздин заманга чейин эле жаңы жылдык белектерди бири-бирине тартуулашып, ал түнү таң аткыча бири-бирине жакшы тилектерин айтып майрамдашчу. Алар узак жылдарга чейин Жаңы жыл майрамын март айынын башталышында белгилешкен. Качан гана Юлий Цезарь өзүнүн юлиан календарын түзгөндөн кийин бул майрам январдын биринчи күнүнө жылдырылган. 
Деги эле байыркы замандарда Жаңы жылды жазга байланыштырышкан. Табияттын жаңыдан ойгонушу менен келечектеги түшүмдүүлүктүн кабары элди бейкапар калтырчу эмес. Ушундан улам байыркы орус эли да Жаңы жылды 1-мартта тосушчу. Кийин Москванын чиркөөсүнүн чечими менен Жаңы жыл грек календарына туураланып, 1-сентябрга жылдырылган. Пётр I Европага саякаттап келген соң, аталган майрамды 1-январга которгон.
20-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан