Бишкекте “Эне тил - ар бир улуттун сыймыгы” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү

Бүгүн, 11-февралда Бишкектеги К.Баялинов атындагы китепкананын “Китеп ордосу” бөлүмүндө 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил - ар бир улуттун сыймыгы” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. 
Аталган китепканадан билдиришкендей, иш-чарага “Нур борбору” чыгармачылык академиясынын өкүлдөрү Орозбек уулу Каниэт, Боскеева Гүлбарчын жана жогорку окуу жайлардын студенттери, окурмандар катышты. 
Кечеде кыргыз жана дүйнөлүк классик акындарынын ырлары окулуп, жаш калемгерлер дагы өз ырларын ортого салып, кече жагымдуу маанайда өттү. Мындай кечелерди өткөрүүнүн максаты - жаштардын руханий байлыгын өнүктүрүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Мэри
2015-02-11 19:15:06
Кече болуп жаткан соң, сырткы кийимдерин чечип коюшса болмок экен, айрымдар...
Бирок поэзия кечеси десе жагымдуу угулат да...
+1
edu.kg
2015-02-11 20:14:40
Тилибизди кубаттап ушуга окшогон кечелер болуп турса тез тез.
+1
barsa1984
2015-02-11 20:54:15
Каниет, Гүлбарчын азаматсыңар!!! Жаңы Толкундан дагы башкалар барышса мындан сонун өтмөк бул кече. Жаңы Толкундун жаш таланттарынын жүргөн жери эле шаң болуп турат дайыма...
+1
batma1996
2015-02-12 17:28:16
Кыргыз болгондон кийин ар бир кыргыз кыргызча билиш керек дуйнодо жуздогон тилдер бар жок болуп суйлонбой калган кыргыз тили ошолордун катарына кирип бараткансыйт билсин башка тилди бирок оз эне-тилин билбей калган бул улут учун ото уят нерсе.
0
batma1996
2015-02-12 17:29:23
Эжекелерибизге чон рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан