Биз социалдык тармакта

Гитлердин өрттөнүп кеткен резиденциясын калыбына келтирүү пландаштырылууда

Бавария Альпы тоолорундагы "Бүркүттүн уясы" деп аталган имараттан чыккан өрт мүлккө олуттуу зыян келтирген. Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, жергиликтүү бийлик аны калыбына келтирүү ниетинип жатат.

Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херрманн журналисттерге аны эч ким урандыга айландырбай турганын айткан. Бирок 1938-жылы Адольф Гитлер үчүн деңиз деңгээлинен 1834 метр бийиктикте курулган тарыхый чайкананы кантип калыбына келтирүү пландалып жатканы белгисиз бойдон калууда.

Айта кетсек, Гитлердин резиденциясы болгон имараттан өрт жума күнү кечинде чыккан. Жабыркагандар болгон эмес. Бир адам шектүү катары кармалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан