Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов жарым финалга чыга алган жок.
Ал чейрек финалда ирандык балбанга 0:9 эсебинде утулуп калды. Эми балбан коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алуу үчүн жубатуучу беттеште күч сынашат.
Айта кетсек, Исмаилов 72 килограмм салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычта түркиялык спортчуну уткан.
Ал эми 1/8 финалдык баскычта кытайлык каршылашын 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алган болчу.