Кыргызстандын 15 жашка чейинки балдар курама командасы дүйнө чемпиондугунун алкагында Эквадор менен оюн өткөрүп, 0:3 эсебинде утулуп калды.
Кыргыз футбол биримдиги маалымдагандай, беттеш бүгүн, 25-октябрда Азербайжандын Баку шаарында өттү. Буга чейин курама ФИФАнын өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда алгачкы атаандаштарын жеңишкен эле.
Белгилей кетсек, мелдешке 2011–2012-жылдары туулган футболчулардан куралган 190 команда катышып жатат. Оюндар кичирейтилген футбол талааларында 8ге 8 форматында өткөрүлүүдө. Катышуучулар 32 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курамасы бул биринчиликке алгачкы жолу катышууда.