Бүгүн, 13-февралда кыргыз киносу дагы бир комедия жанрындагы тасма менен толукталды. Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Убактылуу жигит" тасмасынын бет ачары жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аземге фильмдин жаратуучулары, демөөрчүлөрү, киночулар, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү Атай Өмүрзаков, “Тумар КР” бий тобу, Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков, Талант Кандыбаев жана башкалар келишти.
Фильмдин режиссёру - Амантур Ормуков, продюсери - Нурлан Мамакеев. Башкы каармандардын ролун Каныбек Рыспаев, Малика Шүкүрбекова, Тилек Жапаров, Канат Керимбаев, Айзада Атаханова ойношкон.
Тасма кыздарга убактылуу жигит болуп, ал кызматына акча алган 25 жаштагы Жанат аттуу жигит тууралуу. Аны кыздар кечелерге, туулган күндөргө, ата-энеси менен таанышып коюуга жалдашат. Кыздардын тилегин ишке ашырып жүргөн Жанатка бир күнү мырзадан сунуш түшөт. Фильмдин сюжети бул сунуштан кийин мындан ары кызуусуна кирип, күлкүлүү, кызыктуу окуялар менен коштолот.