"Айкөл" тобу жана ырчылар Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова кытайлык кыргыздарга барып, концерт коюп келүүгө камданышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айкөл" тобунун жетекчиси Советжан Асанкадыров бүгүн, 19-февралда билдирди.
Жетекчинин маалыматына караганда, марттын башында Кытайга учуп, алгачкы концертти Үрүмчү шаарында коюшмакчы. Андан кийин Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагындагы Артыш, Улуу-Чат жана башка жерлердеги этникалык боордошторубузга ыр майрам тартуулашат. Гастроль баш-аягы 2 аптага, ал эми ар бир концерт 1,5 саатка созулмакчы. Азыр топ жана ырчылар репертуарларын жаңылап, жаңы ырлардын үстүндө иштеп, сахнада кийилүүчү костюмдарын даярдап жатышат.