Эркин Рыскулбеков, Мирбек Атабеков жана Салтанат Саматова рак илдетине кабылган өспүрүмгө барып, айыгып кетүү үмүтүн бекемдеп келишти

Эркин РыскулбековСалтанат Саматова жана Мирбек Атабеков рак илдети менен ооруп, ооруканада дарыланып жаткан 14 жаштагы Арстанга барып, айыгып кетүү үмүтүн бекемдеп, көңүлүн көтөрүп кайтышты. Бул тууралуу “2014-жылдын супер ТВ персонасы” наамынын ээси Эркин Рыскулбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 19-февралда билдирди.

“Арстан рак илдети менен ооруп жаткандыктан, колумдан келген жардамымды берип турчумун. Бирок өзү бул ооруга кабылганын билчү эмес. Ага лейкоз деп эле айтып коюшкан. Интернеттен эмне оору экенин билип алып, маанайы чөгүп, депрессияга кабылыптыр. Арстандын маанайын көтөрүп келүү максатында жакшы көргөн ырчысы Мирбек Атабеков жана азыркы тапта аталган илдет менен күрөшүп келген белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова эжекебиз болуп чогуу бардык. Мирбек Атабеков балага шарият тууралуу айтып берип, кийип турган баш кийимин белекке берди. Ал эми Салтанат эже “Сен антип көңүлүңдү чөктүрбө, эч нерсе болбойт, ал сасык тумоодой эле. Мына мен деле ооруп жатам, мен дагы химиотерапия алып келем” деп кийме чачын чечип көрсөттү. Бул жолугушуудан соң Арстан кайраттуу болуп, кубанып калганын анын атасы менен дарыгери айтышты”,- деди Эркин Рыскулбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
altyn_kyz
2015-02-19 18:45:29
azamatsyzdar..
0
Bakulya79
2015-02-19 19:19:02
Алла ыраазы болсун.
0
33SUUN
2015-02-19 20:11:57
Жакшылык ишти жашыруун жасасан сообу чон болот.
+1
raianabubu
2015-02-19 20:28:46
Алла Таалам шыпаасын берсин!менин 3жашар кызымда ооруйт Лейкоз бирок биз чет олкодо дарылап жатабыз,бир гана Алладан тилеп отурабыз.Сагада шыпааасын берсин Алла Таалам айыгып кет иним.
+2
Ariet7
2015-02-19 22:40:01
Ааии азаматсынар ыйлап да жибердим .ээ алла адам затын жаман оору боодо кырсыктан сактай гор
0
alik1602
2015-02-20 00:45:16
алла таалам шыпаасын берип батыраак айыгып кет,жана кучтуу бол
0
alishaaa
2015-02-20 02:18:34
Кудайым созсуз шыпаасын берет.А Салтанат эже менин жакшы коргон телеалпаруучум ага эртераак айыгып кетишин тилейм.
0
sarishka
2015-02-20 06:38:43
Alla uraazu bolsun
0
Aysuluuwa
2015-02-20 22:26:29
Эээхх өкүнүчтүү! Ооруну берген жараткан сөзсүз шыпааны да берет! Айыгып кет
0
ROZI
2015-02-24 14:31:49
АЛЛАХ ТААЛАМ ар бир пендесине чын ден-соолук жана бекем ыйман берип, эки дуйнонун бактысын насип кылсын! Оомин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан