Аваз Акимовдун Жалал-Абаддагы жеке концерти “Ак-Өргө city” командасынын жигиттери менен коштолду

Кыргыз эстрада ырчысы Аваз Акимов Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата шаарларында жеке концертин берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аваз мырза бүгүн, 20-февралда билдирди. Кече аншлаг менен өткөрүлүп, ырчы аккордеондо, комузда кол ойнотуп, эл оозуна алынган популярдуу ырларын жандуу үн менен аткарды.

Ошондой эле конок катары барышкан ырчылар Бегимай Бекбоева менен Илгиз Абдалиев ыр белек сунушса, “Ак-Өргө city” командасынын жигиттери күлкү тартуулашты. 

“Концерттер жогорку деңгээлде өттү десем болот. Эл толо келип кубандырды. Ар бир концертимди өзгөчө кылууга аракет кылам. Ырдан эл тажап кетпеш үчүн ар бир ырдан кийин “Ак-Өргө city” командасынын тапан жигиттери күлкүгө бөлөштү”,- деди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aydarken
2015-02-20 15:29:26
Аваз Акимовдун ырлары жагат уну да жакшы Кара Жыгачта мен заправкада иштечум бизден машинесине май куйат эле ии ырчы жигит келди деп калат элек 2010 жылдары...
+1
Ajar.
2015-02-20 17:18:00
Жакшы ырдан да эл тажачу беле...
0
Bakulya79
2015-02-20 23:30:50
Озу да жылдыздуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан