Кыргызстанда “2015-жыл – Бейтараптык жана тынчтык жылы” темасында балдардын сүрөт сынагы башталды. Сынак Түркмөнстандын 20 жылдык бейтараптуулугуна арналат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалым болгондой, сынактын максаты - тез өнүгүп келаткан Түркмөнстан мамлекети тууралуу маалымат берүү жана көркөм искусство жаатындагы таланттуу балдарды таанытуу. 16 жашка чейинки балдар арасында өтө турган сынакта кызыктуулугуна, көркөмдүгүнө, таасирдүүлүгүнө, эмгектин эстетикалык кооздолушуна көңүл бурулат.
28-майда сынактын жыйынтыгы менен жүргүзүлгөн добуштун негизинде ар бир номинация боюнча 2 финалчы тандалып алынат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана лауреаттарына дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.