20-февралда Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада кыргыз элинин композитору, кыл кыяк, чопо чоор өңдүү аспаптарда кол ойноткон белгилүү музыкант Мураталы Күрөңкеевдин 155 жылдык мааракесине карата календардык көргөзмө ачылды.
Аталган китепканадан бүгүн, 20-февралда билдиришкендей, көргөзмөдө чыгаан музыканттын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат адабияты, китептер, грампластинкалар, фотоиллюстрациялар орун алды.
Кыргыз музыкасына чыйыр салган атактуу музыкант, Кыргыз ССРинин Эл артисти Мураталы Күрөңкеев 1936-жылы Ысык-Көлдүн Талды-Булак айылында туулган. Ага музыкалык зээндүүлүк Күрөңкеевдердин тукумунан берилген. Ал атасы Күрөңкеден (1826-1907) музыкалык билим алып, эл оозуна эрте алынган. Кыргыз элдик музыкасынын репертуарын 80 уникалдуу чыгарма жаратып кеңейткен.
Өзүнүн чыгармачылыгында элдик аткаруунун көркөмдүүлүгүн өнүктүрүп, элдик аспаптар менен аткарылган укмуштуу музыкаларды жараткан. Алсак: “Шыңгырама”, ”Кер толгоо”, “Кыз кербез”, “Көк сандал”, “Кайырма” жана башка кайрыктар.
Анын ысымы Бишкектеги мамлекеттик музыкалык окуу жайга ыйгарылган. 1961-жылы музыканттын эстелиги ачылган.