Америкада кыргызстандык жаш сүрөтчү Айбек Ишенбековдун жеке көргөзмөсү ачылат (фото)

Америкада кыргызстандык жаш сүрөтчү Айбек Ишенбековдун жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Айбек мырза SUPER.KG порталына бүгүн, 20-февралда билдирди.

Көргөзмөнүн максаты - кыргыз искусствосун чет мамлекеттерге тааныштыруу. Анда сүрөтчүнүн чебер колунан жаралган 40ка чукул эмгек коюлат.

“Буга чейин кыргыздардын коомдук бирикмесинин бири чет өлкөдөгү мекендештерибизге Кыргызстандын искусствосун көрсөтүү максатында Германия жана Дубайда уюштурган жаңы жылдык иш-чарага катышкам. Анда кыргыз маданияты көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү орун алган. Ал иш-чарадан соң мага Америкада жеке көргөзмөмдү өткөрүүнү сунушташты. Виза ачуу көйгөйү чечилсе, жакынкы убакта АКШга сапар алам. Көргөзмө Чикаго же Нью-Йоркто өтүшү мүмкүн. Америкадан келгенде жеке көргөзмөмдү Кытайда өткөрөм деген оюм бар. 

Чыгармачылыктын артынан көптөгөн чет өлкөлөрдө болдум. Ал жактан тартылган сүрөттөрүмдү чогултуп, күзүндө Бишкекте “Чет өлкө Айбек Ишенбековдун көзү менен” аталышында жеке көргөзмөмдү ачууну көздөп турам. 

Негизи, мен этюд жанрында иштегенди жактырам. Өлкөбүздүн кайталангыс керемет жаратылышын кагазга түшүргөндөн эргүү алам. Жайында сүрөтчүлөр менен Ысык-Көлгө пленэрге чыгып турабыз. Мекенибиз бейиштин төрү болгондуктан, пейзажына суктанып тойбойм”,- дейт сүрөтчү А.Ишенбеков.

Жаратылыштын кооздугун калеми менен кармап калган сүрөтчү Айбек Ишенбеков 24 жашта. Ал баш калаадагы С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Бир канча республикалык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nuri-Alina
2015-02-20 18:27:32
Азаматсын онорун оркундой берсин ийгилик алга +555555555555555555
0
Nuranna_93_kg
2015-02-20 18:35:34
Кыргызстандын желегин желбиретип журо бергиле,кыргызды дунуйого таанытып биз сиздерге окшогон чыгаан кыз-жигиттерибиз мн сыймыктанабыз.Ийгилик сага алга кыргыз!
0
Mushker2013
2015-02-20 21:18:46
Азаматсын, талантына таазим!
+1
Kymbat-02-04
2015-02-20 22:53:25
Баллии азаматсыз!!!
0
Sadyrov_n93
2015-02-20 23:13:08
Азаматсын ушунундан тайба,менда качан максаттарыма жетет экем ээ,аз калды.
0
bei
2015-02-21 00:00:23
Molodec!Kuiun bala eken. Bul balanu Germaniyaga kelgende al jaktagy kyrgyz baldar tenine albai kouiptur dep jatyshty ele.
0
argen.kg4
2015-02-21 19:18:54
Азамат!Чыныгы талант экенсин.Ийгилик каалайм!
0
Erno....
2015-02-28 02:35:24
Азаматсын жигит. Алдыга койгон чон максаттарын бар экен ийгилик каалайм. Ушинтип эле кыргыз элин алыска таанытып журо бер. Бар бол колуна береке.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан