Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинде КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Бешик ыры” аттуу республикалык сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кыргыз тилин наристелерге бала кезден, эне сүтү менен бирге оозандырган мезгилден тартып үйрөтүү жана алардын рухий дүйнөсүн өстүрүүгө багытталган чыгармаларды топтоо, кыргыздын каада-салтын өркүндөтүү, балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюштурулган бул сынактын жыйынтыктоо иш-чарасы наристени бешикке салуу салтын көргөзүү менен чакан концерттик программанын коштоосунда өттү.
Иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов, КР Президентинин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктоо менен келечектин мекен сүйөр уул-кызын тарбиялоочу ар бир кыргыздын асылзаты алдей ырын билүүсү керектигин белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын ар бир эл өз эне тилин өз алдынча барктап, сыпаттап сыйлап, тилдеринин уникалдуулугун, баалуулугун даңктоого атайын иш-чараларды жүргүзүү максатында белгиленип келе жатат.