"Алыкул Осмонов энциклопедиясы" окумуштуулардын, журналисттердин, жазуучулардын көмөгү менен даярдалды

Кыргыз поэзиясынын таң чолпону, кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата "Алыкул Осмонов энциклопедиясы" республикалык окумуштуулардын, журналисттердин, жазуучулардын көмөгү менен даярдалды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынан бүгүн, 23-февралда билдиришти. 
Маалым болгондой, бул китеп акын-жазуучуга арналган экинчи энциклопедия болуп саналат. Биринчи энциклопедия улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып, окурмандар жакшы кабыл алышкан. Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев белгилегендей, энциклопедиялар бүгүнкү күнү гуманитардык багытындагы адистер үчүн гана эмес, жалпы коомчулук үчүн керектүү эмгектер болуп эсептелет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан