Бүгүн, 23-февралда Лос-Анжелесте (жергиликтүү убакыт боюнча 22-февраль) “Оскар-2015” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Аземге келишкен жылдыздар төшөлгөн кызыл килемден басып өтүштү. Чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкандай, аземде алып баруучулук милдетти актёр Нил Патрик Харрис аркалады.
“Оскар-2015” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү:
“Мыкты фильм” - “Бёрдмэн”
“Мыкты актёр" - Эдди Редмэйн ("Вселенная Стивена Хокинга”)
“Мыкты актриса” - Жулианна Мур (“Всё ещё Элис”)
“Мыкты режиссёр” - Алехандро Гонсалес Иньярриту (“Бёрдмэн”)
“Экинчи пландагы мыкты актёр” - Жонатан Кимбл Симмонс (“Одержимость”)
“Экинчи пландагы мыкты актриса” - Патриция Аркетт ("Отрочество")
“Мыкты костюм” - “Отель “Гранд Будапешт”
“Мыкты грим жана чач жасалга” - “Отель “Гранд Будапешт”
“Мыкты визуалдык эффект” - “Интерстеллар”
“Мыкты үн” - “Одержимость”
“Чет тилдеги мыкты фильм” - "Ида", Польша
“Мыкты операторлук эмгек” - “Бёрдмэн”
“Мыкты анимациялык фильм” - “Город героев”
“Мыкты ыр” - Glory (“Сельма”)
“Мыкты адаптацияланган сценарий” - Грэм Мур (“Игра в имитацию”)
“Мыкты оригиналдуу сценарий” - Алехандро Гонсалес Иньярриту, Николас Жакобоне, Александр Динеларис жана Армандо Бо (“Бёрдмэн”)