3-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда белгилүү куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун 55 жылдык мааракесине карата куудулдардын сынагы өткөрүлөт. Иш-чара куудулдун жаркын элесине арналып, ага республика боюнча мыкты куудулдар катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Манас Алыкулов билдирди.
Маалым болгондой, сынакта куудулдар Рахман Разыков, Кубик Калыков, Келдибек Ниязов, Абдылда Иманкулов, Борончу Кудайбергенов, Рысбек Жантөрөев, Талант Анарбаев, Тынар Курбаналиев, Ильяз Агыбай уулу, Кубан Алимов, “Жоролор”, “Тентектер”, “Беш тапан” куудулдар тобу, “Дем” театры жана башкалар ат салышат.
Сынак КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Чоңко” маданий борбору тарабынан уюштурулууда. Анын байге фонду 500 миң сом.