Акын Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1950-жылы 23-февралда туулган.
1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылдан тартып Нарын облустук “Нарын правдасы” гезитинде кабарчы, облустук телерадиоуктуруу комитетинде редактор болгон. 1983–1990-жылдары Кыргыз филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
2006-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын жана башка бир катар сыйлыктарды алган. 2010-жылы декабрда III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси. 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.