Казакстандын Астана шаарындагы көрүнүктүү көчөлөрдүн бирине Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Мындай чечим 24-февралда Астанадагы шаардык маслихаттын кезексиз сессиясында кабыл алынган. Бул тууралуу “Кыргызстан-Астана” кыргыз-этнос маданият биримдигинин төрагасы Шавхат Исмаилов билдирди.
Маалым болгондой, улуу жазуучунун ысымын алган көчө Астанадагы Есиль районунда жайгашкан. Анын узундугу 3863 метрди түзөт.