Аргентинадагы эң бийик Аконкагуа чокусун (6962 метр) кыргыз жеринен барган Эдуард Кубатов багынтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда чет элдик туристтик борбору жазып чыкты.
Маалым болгондой, 17 адамдан турган (ред. алардын арасында Э.Кубатов да бар) альпинисттер тобунун Аргентинадагы эң бийик Аконкагау тоосун багынтуу жүрүшү 23-январдан 20-февралга чейин созулган.
Белгилей кетсек, Э.Кубатов 2014-жылы 25-июлда Кыргызстандагы эң бийик Ленин чокусуна (7134 метр) чыккан.